11:12, 04 декабря 2018, 24.kg

Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды

Бишкек ЖЭБдин иши боюнча жемкорлукка айыпталып жаткан депутат Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.

Айтымында, Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги травматология жана ортопедия улуттук борборуна которушту. Депутаттын грыжасы болгондуктан, аны операцияга даярдап жатышат.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча жемкорлукка айыпталгандардын арасында депутат Осмонбек Артыкбаевден башка аткаминерлер дагы бар. Алардын баары УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18