08:39, 04 декабря 2018, 24.kg

Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» китебинин электрондук версиясы чыкты

«Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» деп аталган китебинин электрондук версиясы жарык көрдү.

Китептин электрондук версиясы «PDF» форматында. Бул китепке маркумдун кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери — жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди. Ошондой эле журналисттин кызыктуу блогдору, макалалары, өзү тарткан сүрөттөрү да бар. Мындан сырткары китептен ал жөнүндө дилбаяндарды, эскерүүлөрдү, сүрөттөрдү да табууга болот.

Уланбек Эгизбаевдин «Чындык деп жанган өмүр» китеби «Азаттык Медиа» мекемесинин демилгеси жана «Сорос — Кыргызстан» фондунун каржылык колдоосу менен жарык көргөн. Китептин бет ачары 13-ноябрда «Азаттык-Медиа» мекемесинде өткөн.

Китептин орус тилиндеги котормосу быйыл декабрь айында чыгат.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы, белгилүү иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүрүп, мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18