16:23, 03 декабря 2018, 24.kg

Өлкөдө күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кескин кымбаттап кетиши мүмкүн

2019-жылдын январынан баштап Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу майдын баасы кескин кымбаттап кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күйүүчү май өлкө аймагына Орусиядан алынып келет. Келишим боюнча ташып келүүдө бажы алымдары алынбай, жыл сайын бекитилүүчү индикативдик баланстын негизинде белгиленет. Билдирүүгө ылайык, аталган баланс ушул жылдын 1-октябрына чейин тийиштүү органдар тарабынан макулдашылып, документке кол коюлушу керек эле. Бирок ага бүгүнкү күнгө чейин кол коюла элек.

«Мындан улам 2019-жылдын 1-январынан тарта Орусиядан күйүүчү жана майлоочу май алып келүүдө бажы алымы көбөйөт деген коркунуч бар. Кыргызстанга алынып келген мунайзатка экспорттук алым кошулуп, ал өз кезегинде Кыргызстанда бензиндин баасын 2,5-3 сомго чейин кымбатташына алып келет», — деп жазылат маалыматта.



Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18