15:47, 03 декабря 2018, 24.kg

Бокс 2020-жылкы Олимп оюндарынын программасынан чыгарылышы мүмкүн

30-ноябрда Эл аралык олимпиадалык комитеттин Токиодо өткөн жыйынында 2020-жылкы Олимп оюндарындагы бокс боюнча мелдештерди «токтото туруу» чечими кабыл алынды.

Мындай чечим бир ай мурда АКШнын Каржы министрлигинин санкциялык тизмесиндеги өзбекстандык ишкер Гафур Рахимовдун Эл аралык бокс ассоциациясынын (AIBA) президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу кабыл алынды.

Маалыматтарга караганда, Эл аралык олимпиадалык комитеттин Аткаруу комитетинин башчысы Ненад Лалович башында турган ревизиялык топ AIBA ишмердүүлүгүн текшерет. Кийинки айда баштала турган иликтөөнүн жыйынтыгы Эл аралык олимпиадалык комитеттин 2019-жылы Лозаннада өтө турган жыйынында каралып, акыркы чечим кабыл алынат.

Көз карандысыз байкоочулардын баамында, мунун жыйынтыгында AIBA Эл аралык олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнөн чыгарылып, бокс олимпиадалык макамынан ажырашы мүмкүн.

АКШнын Юстиция министрлиги Рахимовду «трансулуттук мафияга» тиешеси бар деп айыптап, аны санкциялык тизмеге киргизген. Маркум президент Ислам Каримовдун тушунда Гафур Рахимов өзбек бийлиги тарабынан издөөгө алынган. Учурда анын азыркы бийлик менен мамилеси жакшы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18