13:47, 03 декабря 2018, 24.kg

Майыптар күнү. Президент социалдык стационардык мекемелерге акча бөлдү

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Билим берүү жана илим министрлигине (ар бир министрликке — 2 500 000 сомдон) резервдик фонддон 5 000 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Майыптардын эл аралык күнүнө байланыштуу социалдык стационардык мекемелерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн президент Сооронбай Жээнбеков аталган буйрукка кол койду.

Эске салсак, бүгүн Майыптардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181,4 миң адамды түзөт. Алардын 29 миң 900ү жаш балдар болсо, дайыма көзөмөлгө муктаж болгондор 6 миң бала.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18