09:49, 03 декабря 2018, 24.kg

Тартип сакчыларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюлду

Ленин РИИБнын 3 кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына алынып келинди. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып коюлууда. Бул тууралуу 24.kg агенттигине камалгандардын жактоочусу билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен милициялар 26-декабрга чейин камакта болушат.

«Камалгандар Ош базарда сатуучуну сабап салышкан деген айып менен отурушат. Аларды сатуучуну сабап, iPhone телефонун тартып алышкан дешүүдө. Бирок, милициялар күнөөнү мойнуна алышкан жок. Айтымдарында, сатуучуну сабашкан эмес. Жөн гана лицензиясы жок соода кылгандыгы үчүн эскертүү гана беришкен», -деди жактоочу.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18