08:40, 03 декабря 2018, 24.kg

52 мигрант менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды

Казакстанда өзбекстандык 52 адам менен күйүп кеткен автобустун ээси кармалды. Ал Ташкентте колго түшкөнүн, Казакстандын 46 жаштагы жараны экенин өзбек милициясынын басма сөз кызматы 1-декабрда кабарлады.

Шектүүгө «Автоунааны сапатсыз оңдогон жана техникалык мүчүлүштүк менен пайдаланууга берген» деген айып коюлуп жатат. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы ал Казакстандын укук коргоо органдарына тапшырыларын маалымдады.

Казакстандын Актөбө шаарында бул окуя боюнча сот иши уланууда. Соттолуп жаткандардын арасында автобустун айдоочусу жана механик да бар.

2018-жылдын январында Актөбө облусунун аймагында Орусияга сапар тарткан автобус күйүп кеткен. Анда Казан шаарына иштегени бараткан 52 өзбекстандык көз жумган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18