08:37, 03 декабря 2018, 24.kg

Кытайга мыйзамсыз сурма саткан ишканага кылмыш иши козголду

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынан «Азаттыкка» кабарлашты.

Ага ылайык, аталган кызматтын Ош облусундагы Кара-Суу, Алай жана Чоң-Алай райондору боюнча бөлүмү «У.Т и К.» деп аталган фирма Кытайда жайгашкан «Б» аттуу ишканага 2017-жылдан быйыл июль айына чейин курамында сурма бар 1764 тонна тоо-тек жана кошулманы мыйзамсыз сатканын аныктаган.

Мындан 6 миллион сомдон ашык пайда көргөн, бирок салык документтеринде өтө аз суммадагы акча жазылган. Ошондой эле «тергеп-иликтөөдө бул фирма Алай районунда гана кен казууга уруксат алганы, түстүү металлды үчүнчү өлкөгө сатууга лицензиясы жок болгону ачыкка чыкты» деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда мыйзамсыз сурма казган фактылар бар. Мунун айынан жаңжал чыккан жана адам өлүмү менен коштолгон окуялар да орун алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18