15:43, 30 ноября 2018, 24.kg

Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президентин жеңиши менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Грузиянын президенти болуп шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин. Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоо телеграммасында.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18