Тажикстандагы сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
Тажикстандын «Чакан» деп аталган сайма саюу өнөрү ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди.
Мындай чечим Порт-Луи шаарында (Маврикий Республикасы) өтүп жаткан ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин жыйынында кабыл алынды.
«Чакан» оймо-чиймелери менен саймалары көйнөктөрдү кооздоо үчүн байыртан бери Хатлон облусунда жана Тоолуу Бадахшан автоном облусунда кеңири колдонулуп келет. Бул үчүн колго жасалган көп түстүү кездеме жиби пайдаланылат. Колго сайылган сайма менен кооздолгон Чакан көйнөктөрү («Платье чакан») жүздөгөн жылдардан бери Тажикстандын тоолуу райондорундагы аялдардын улуттук кийими болуп келген.
Мындан тышкары Тажикстанда чакан саймалары түшүрүлгөн улуттук баш кийимдер дагы популярдуу.
2016-жылы декабрда тажиктердин «оши палав» (палоо) тамагы «Тажикстандын салттуу тамагы жана анын социалдык-маданий контексти» катары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.