13:43, 30 ноября 2018, 24.kg

Иш издеп чет өлкөгө кеткендердин саны боюнча алдыңкы катарда Баткен облусу турат

Иш издеп чет өлкөгө кеткендердин саны боюнча алдыңкы катарда Баткен облусу турат. Бул тууралуу «Республика — Ата Журт» фракциясынын отурумунда мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Маалыматка караганда, 265 миң эмгек мигранттары (35 пайыз) Баткендик тургундар, 227 миң мигрант Жалал-Абаддын жашоочулары, 155 миң мигрант Оштун тургундары, 11 миң мигрант Чүйлүк жашоочулар.

Расмий маалыматка ылайык, 750 миң кыргызстандык чет жерде иштеп жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, калганы башка мамлекеттерде эмгектенишет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18