11:07, 30 ноября 2018, 24.kg

Германия канцлеринин учагы шашылыш конду

Буэнос-Айрестеги «Чоң жыйырманын» саммитине бараткан немис канцлери Ангела Меркелдин Берлинден көтөрүлгөн учагы Көлн шаарына шашылыш конууга мажбур болду. Бул тууралуу Азаттык Associated Pressке шилтеме берип жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, буга техникалык бузулуу себеп болду. Окуя болжол менен учуудан бир сааттан кийин катталды. Меркел башка учакка отуруп, Аргентинага сапарын улантат деп кабарланууда.

Associated Press белгилегендей, ушул эле учак 2015-жылы да авариялык себептерден улам конууга аргасыз болгон. Анда Меркел Нью-Делидеги жолугушууга бараткан.

«Чоң жыйырманын» саммити дүйнөнүн эң ири экономикасына ээ мамлекеттердин жыйыны. Ал 30-ноябрдан 1-декабрга чейин Аргентинада өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18