10:29, 30 ноября 2018, 24.kg

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бөлгөн насыянын көлөмү 300 миллион долларга жетти

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду ишке кирген төрт жылдан бери ири, орто жана кичи 1611 долбоорду каржылады. Бул тууралуу «Азаттык» аталган фондго шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, жалпысынан 287,2 миллион доллар насыя берилди.

Каржыланган долбоорлордун 55 пайызы айыл чарба, өндүрүш жана кайра иштетүүгө багытталган. Фонд насыяларды 13 коммерциялык банк аркылуу берип келет.

Фонд 2014-жылы Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришинин алгачкы этабындагы интеграция процесстерине көмөк көрсөтүү максатында Орусиянын жардамы менен түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 500 миллион долларды түзөт, жалпы 1 миллиард доллар бөлүнөрү кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18