10:11, 30 ноября 2018, 24.kg

Автомектептерде билим алган 44 миңден ашык киши сынактан өтпөй калды

2018-жылдын 9 айында автомектептерде билим алган 44 миңден ашык киши жол эрежесинин сынактарынан өтпөй калган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, былтыркы жылдын ушул мезгилинде 15 миң окуучу сынак тапшыра албай калган. Быйыл 2017-жылга салыштырганда сынактан өтпөй калгандардын саны 3 эсеге көп болду.

Кошумчалай кетсек, өлкөдө 243 автомектеп катталган. Алардын ичинен 153 автомектептин окуучулары теориялык жана практикалык сынактарды тапшыра алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18