09:00, 30 ноября 2018, 24.kg

Чыӊгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны Олжас Сулеймановго ыйгарылды

КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын 48-пленардык жыйынынын алкагында Жогорку Кеңеш тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. Сулейменовдун талапкерлигин уюмдун курамы толугу менен колдоп берген.

Сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранова салтанаттуу тапшырды. Ал эми Олжас Сулейменов кыргыз парламентине ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңештин мындан аркы иштерине ийгилик каалады.

«Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык», — деди Олжас Сулайманов.

Эске салсак, 2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18