08:44, 30 ноября 2018, 24.kg

Грузиядан мыйзамсыз автоунаа ташыгандар аныкталды

Грузиядан кымбат баалуу автоунааларды аткезчилик жол менен ташыган трансулуттук уюшкан топ аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар ташып келген унааларды бажы төлөмдөрүн төлөбөй эле Кыргызстанга киргизип жүрүшкөн. Мындан тышкары аталган топ Орусиядан уурдалган унааларды алып келип, механикалык жол менен ВИН-коддорун өзгөртүп, каттоого алуу үчүн жасалма каттоо номурларын даярдап жүрүшкөн.

Шектүүлөрдүн бири 28-ноябрда Армениядан Кыргызстанга экстрадицияланып, Бишкектеги № 1 тергөө абагына камалды.

Өкмөт былтыр июлда автоунааларга болгон бажы төлөмдөрү менен салыктарды 2014-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөткөн. Андан соң автоунаа көп импорттолгон багыттардын бири Грузия болуп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18