16:11, 29 ноября 2018, 24.kg

Кытайдын бир эле районунан кармалган кыргыздардын саны 22 миңге жетти

Кытайдын тарбиялоочу лагерине бир эле райондон кармалган кыргыздардын саны 22 миңге жетти. Бул тууралуу маалымат жыйында Кытайдагы кыргыздарды коргоо комитетинин өкүлү Алманбет Осмон уулу билдирди.

Анын айтымында, Акчий районунан эле 22 миң кыргыз кармалды. Акчийде 40 миң кыргыз жашайт.

Алманбет Осмон уулунун маалыматына таянсак, кармоонун себептери диний көз караштарга байланыштуу эмес.

«Кытайлык кыргыздар исламдын фанаты болушкан эмес. Кармалгандардын арасында динден алыс болгондор бар. Мисалы, профессор Мамбеттурсун Мамбетакунов же менин тууганым Нурманбет Осмон. Менин тууганым журналист. Аны террорчулукка айыптап жатышат», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18