17:15, 29 ноября 2018, 24.kg

Улуттук паспортту мыйзамсыз түрдө чоочун кишиге бергендер кармалды

ИИМ улуттук паспортту мыйзамсыз түрдө чоочун кишиге берген фактынын бетин ачты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, былтыр декабрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук калкты каттоо жана паспорт берүү бөлүмүнүн кызматкерлери кыргызстандын паспортун чет элдик жаранга мыйзамсыз беришкен.

Ушундай эле факты түштүк аймакта дагы катталган. Ушул жылдын январында туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде жалпы жарандык паспорт белгисиз жаранга берилген. Анда 1993-жылы туулган Шавкат уулу Давлатхожанын наамы жазылган. Текшерүү маалында Шавкат уулу Давлатхожа 2 жашында эле оорудан каза болгону аныкталды. Аталган окуяны анын ата-энеси тастыкташты.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18