Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча иш сотко өттү
«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул боюнча «Акун» пансионатына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренесинин алкагында кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле маркумдун «Көрүстөндөгү коррупция» иликтөөсүнө байланыштуу козголгон эки кылмыш иши учурда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөсүндө.
Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү Сүйүнбек Муңайтбасов «Азаттыкка» билдиргендей, Уланбек Эгизбаевдин өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап, иштин материалдары сотко өттү.
«Бизде пансионат боюнча эле иш бар, — деди тергөөчү. — Андан башка жок. Иликтөөдө Эгизбаевдин киши колдуу болгону тууралуу эч кандай белги табылган жок. Ошого байланыштуу коопсуздук эрежелеринин бузулганы боюнча эле пансионатка кылмыш иши козголгон. Маркумдун бутундагы тактар боюнча дооматтар болбоду беле? Ошондон улам кошумча экспертиза өткөрүү зарылдыгы чыккан. Экспертиза «ал тактар маркум тирүү кезинде эмес, өлгөндөн кийин пайда болгон» деген тыянак чыгарып берди».
Уланбектин өлүмүнөн кийин анын «Көрүстөндөгү коррупция» аттуу теле берүүсүндөгү коррупциялык фактыларды жана маркумдун дарегине келген коркутуп-үркүтүүнү иликтөө өтүнүчү менен «Азаттык» Ички иштер министрлигине да кайрылган. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Жаркынай Азиеванын айтымында, иликтөөдө Бишкектин Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин кызмат адамдары жемкордукка белчеден батканы аныкталып, экинчи ирет иш ачылган.