15:29, 29 ноября 2018, 24.kg

Өзгөндө жер көчкү коркунучу бар аймактагы 987 үй-бүлө жер тилкелерин ала элек

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда бүгүнкү күндө жер көчкү коркунучу бар аймакта 901 турак үйдүн ээлери мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып көчпөй жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган аймакта 987 үй-бүлө жер тилкелерин ала элек. 

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусунун Өзгөн районунда иш-сапары менен жүрөт. Иш-сапардын негизги максаты — кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандардын абалын жеринен көрүү, алардын ой-пикирлерин угуу, жана райондо болуп жаткан алдын алуу иш-чараларын жеринен текшерүү болуп саналат.

Алгач министр Нурболот Мирзахмедов Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Кайрат айылындагы кооптуу аймакта жашаган элдер менен жолугушту. Андан соң министр Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак, Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындагы кооптуу жер тилкелеринде жашап жаткан элдер менен кездешмекчи.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18