17:55, 28 ноября 2018, 24.kg

Нурлан Мотуев жабык камерадан жатак абакка которулду

Нурлан Мотуев жатак абакка которулганын Фейсбук баракчасы аркылуу жарыялады.

Айтымында, жабык камерада өткөргөн 1 жыл убакытта спорт менен машыккан. 

Photo 96293

«Мен тирүүмүн, ден соолугум жакшы, бир жыл бою спорт менен машыктым. Мындан тышкары 5 маал намаз окуп шарият боюнча жашадым. Мени жабык камерага жиберген № 32 жатак абактын мурунку жетекчиси Тимур Анаркулов инсульт алыптыр. Шыбырап сүйлөп, араң басып жүрөт. Кыскасы менин каргышым тийиптир. Мен муну бетине айттым. Ал унчукпады, эгерде бирдеме деп мурункудай кыйкыра турган болсо, анда экинчи жолу инсульт аны алып тынат», -деп жазган ал өз баракчасына.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты тастыктап, Нурлан Мотуев жатак абакка которулганын маалымдады.

Мыйзам боюнча жатак абактагы адам кайтарууга алынбайт. Бирок ал каттоого туруп, белгиленген убакытта өзү тууралуу маалымат билдирип турушу керек.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18