16:30, 28 ноября 2018, 24.kg

Өзбекстан Эл аралык миграция уюмунун мүчөсү болду

Өзбекстан Миграция боюнча эл аралык уюмдун 173-мүчөсү болду. 27-ноябрда БУУнун миграция боюнча сессиясында Өзбекстандын уюмга кирүү арызы кабыл алынды.

Борбор Азиядагы калкы эң эле жыш отурукташкан жана чет өлкөгө көп санда мигранттарды жөнөткөн Өзбекстан аймакта эң акыркы болуп Миграция боюнча эл аралык уюмга мүчө болду.

Чек араларын ачуу менен Өзбекстан коңшу өлкөлөрдүн мигранттары үчүн дагы транзиттик аймак болуп калат.

Миграция боюнча эл аралык уюм менен Өзбекстан 2003-жылдан бери өнөктөш. Уюм кулчулукка кабылгандарга жана Өзбекстандан чет өлкөгө барган мигранттардын аялуу катмарына жардам көрсөтүп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18