15:08, 28 ноября 2018, 24.kg

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 29,9 миңге жетет

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 29 миң 900гө жетет. Бул боюнча өкмөттүн  багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү баланын жеке ассистентинин кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомунда айтылат.

Жобо багууга жана көзөмөлгө дайыма муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдары бар ата-энелерди колдоо максатында социалдык кызматтын жаңы түрү «жеке ассистентти» түзөт. 

Көрсөтүлгөн категориядагы балдар күнү-түнү көңүл бурууга муктаж болгондуктан, эреже катарында, ата-эненин бири иштөө мүмкүндүгүнө ээ эмес жана пенсиялык жана медициналык камсыздандыруу кепилдигинен ажыратылган, тагыраагы, мындай ата-энелер иштей алышпайт, демек пенсия алуулары мүмкүн эмес.

Жаңы жобо ата-энесине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө жана жакын туугандарына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балага кам көрүүнү улантууга, мамлекет тарабынан каржылык колдоо алууга, ошону менен бирге келечекте пенсия алуу мүмкүндүгүн жоготпоого шарт түзөт.

Майып балдардын 6 миң бала ар дайым көзөмөлгө муктаж.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын ата-энелерин колдоо боюнча жаңы системаны ишке ашыруу үчүн алдын ала эсептөөлөргө ылайык республикалык бюджеттен жыл сайын болжол менен 420 миллион сом талап кылынат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18