10:02, 28 ноября 2018, 24.kg

Эмканаларды оптимизациялоо- биринчи кезекте бейтаптарга багытталган

Саламаттык сактоо министрлиги системасындагы реформалар биринчи кезекте бейтаптарга багытталган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, эмканаларды оптимизациялоого каршы митингге чыккан дарыгерлер менен министр Космосбек Чолпонбаев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жолугушту.

«Биздин максат- жарандарды медициналык жардамга 12 саат бою сапаттуу түрдө жеткиликтүү кылуу. Ким каалабаса анда мурункудай терапевт, педиатр жана гинеколог болуп иштейт беришсин. 174 ставка, 54 жеке жактар (жетекчилердин орун басарлары, бухгалтерлер, стат катчылар) кыскарат. Төлөмдөр жыйынтыктарга багытталган», — деди Космосбек Чолпонбаев.

Эске салсак, министрлик эмканаларды оптимизациялоо тууралуу тапшырма бергенден бери Бишкектин дарыгерлери күн алыс митингге чыгышууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18