16:27, 27 ноября 2018, 24.kg

Калкты санариптик негизде каттоо идеясы каражаттын жоктугунан ишке ашпай калды

Кыргызстандын калкын санариптик негизде каттоо идеясы каражаттын жоктугунан улам ишке ашпай калды. Бул тууралуу экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов айтты.

Анын билдиргение караганда, Кыргызстан калкты каттоону өткөрүү боюнча гран алган. Бирок, ал каражат процессти уюштурууга гана жетет, ал эми планшеттерди сатып алууга алы жетпейт.

«Бизде 18 миң каттоочу иш алып барат. Мынча суммадагы планшеттерди сатып алуу мүмкүн эмес. Мындан улам, 2020-жылы калкты каттоо өнөктүгүн салттуу түрдө өткөрөбүз», -деди Акылбек Султанов.

Эске салсак, жалпы калктын санын каттоо 2020-жылдын 23-мартынан 1-парелине чейин жүргүзүлөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18