15:29, 27 ноября 2018, 24.kg

Өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181,4 миң кишини түздү

2018-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181,4 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин отурумунда билдирди.

Депутат Исхак Масалиев эгерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылышса, министрликтин жардам берер-бербесине кызыкты. Министр жарандардан кайрылуулар көп түшүп жатканын, бирок атайын фонд жок болгондуктан, аларга жардам берүү кыйын экенин айтты.

«Биз ушундай фонд түзүп 3 жашка чейинки балдарга жөлөкпул төлөө сунушун киргиздик. Эгер ал түзүлүп калса, анча-мынча болсо дагы жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болот деген ойдобуз», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Жыргалбек Турускулов министрдин мындай демилгесин сынга алып, Өкмөттөн акча сурабай, көйгөйлүү маселелерди өз алдынча чечүү зарылдыгын баса белгиледи. «Кайра-кайра эле акча сурай бересиӊерби, Өкмөттө акча жок, андан көрө министрликте орун алган коррупциялык схемаларды жоюш керек. Акча мына ушул жерде. Ал каражатты туура пайдаланыш керек», — дейт эл өкүлү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18