12:10, 27 ноября 2018, 24.kg

Курултайдын жыйынтыгы. Делегаттар экс-президентке кылмыш иши козголсун дешет

24-ноябрда өткөн курултайдын делегаттары мурунку президент Алмазбек Атамбаевди апрель революциясынын идеалдарын сатып кетти жана бийликти басып алды деп айыпташууда. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигинде болгон маалымат жыйында билдиришти. 

Photo 96047

Айтымдарында, курултайдын катышуучулары кабыл алынган резолюциянын баардык пункттарын кадам-кадам аткаруу ниетинде. Айрыкча, алар Алмазбек Атамбаевге карата УКМК кылмыш ишин козгошу керек деген пикирде. Парламенттен дагы мурунку президентти кол тийбестиктен ажырата турган мыйзамды кабыл алууну талап кылышмакчы.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү мурунку өкүлү Эмилбек Каптагаевдин айтымында, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун колуна бузулган башкаруу системасы тийди. Бирок, курултайдын катышуучулары президенттин бир жылдык ишмердүүлүгүнө канааттандыраарлык деген баасын беришти.

Маалымат жыйындын катышуучуларынын пикиринде, курултай өз максатына жетти. Кийинки форумду 2019-жылдын апрелинде өткөрүү пландалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18