11:19, 27 ноября 2018, 24.kg

«Сугат жерлерди трансформациялоо». Көчүрүү үчүн кезекте 42 миң үй-бүлө турат

Парламентке «Сугат жерлерди трансформациялоо тууралуу» мыйзам долбоору келип түштү. Вице-спикер Мирлан Бакиров 24.kg агенттигине процесс кандай өтө тургандыгын айтып берди.

Маалыматка караганда, көчүрүү үчүн кезекте 42 миң үй-бүлө турат.

Өкмөт 2009-жылга чейин турак жайлар салынып калган жерлерди трансформациялоо тууралуу убактылуу жобо иштеп чыкты. Ал эми жергиликтүү бийлик көчүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Бирок, 2011-жылы мораторий жарыяланган, анын мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.

«Мындан улам, бул маселеле курч бойдон турат. Бирок, процесс онлайн режимде өтүшү керек деп эсептейм. Жемкорлукка жол бербей таза карап чыгышыбыз керек», -деди ал.

Мирлан Бакировдун айтымында, токой фондуна тиешелүү жерлер жана өндүрүштүк маанидеги жерлер дагы трансформацияланат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18