16:20, 26 ноября 2018, 24.kg

Асел Кадырбековага кош бойлуубу? Күйөрмандары кабатыр

Ырчы Асел Кадырбекованын күйөрмандары анын кош бойлуу экендигин айтышууда. Ага ырчынын инстаграм баракчасына жүктөгөн сүрөтү себеп болду.

Буга чейин деле Асел Кадырбековага «боюнда барбы?» деп суроо узатышып, ага далил издөө аракетин көрүшкөн күйөрмандары бул жолу ырчынын ичи чыгып калганын айтып божомолдошууда.

Photo 95989

Бир нече ай мурда Асел өзүнүн баракчасында асма укол алганын көрсөтүп, «бул кыйынчылыкты дагы баштан өткөрүшүм керек» деп жазган. Аны инстаграм колдонуучулар «токсикоз болуп жаткан го» деп божомолдошкон.

Асел Кадырбекова өзү баарын четке кагып келет. Бир нече жолу кош бойлуу эместигин айткан.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип ортодогу мамилеси бир топ жыл жашырып, колун сураганда гана ачыкка чыгарган.

Түгөйлөр учурда жаңы ырына клип тартырууда. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18