15:44, 26 ноября 2018, 24.kg

Кыргызстандын 44 жараны аба-ырайынын кескин начарлашынан улам жолдо калган

Кыргызстандын 44 жараны аба-ырайынын кескин начарлашынан улам Казакстанда жолдо калды. Бул тууралуу Казакстан ИИМнин өзгөчө кырдаалдар Комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 25-ноябрда түнкү саат 03:00дө жүргүнчүлөдү ташыган автобус Сургут-Бишкек каттамы боюнча Кыргызстанга келаткан. Акмоло облусуна караштуу Аккөл айылына жакын аймакта унаа бузулуп калган. Андагы баардык жүргүнчүлөр Аккөл айылынын маданият үйүнүн бөлмөсүнө киргизилген.

Оңдоо иштери жүргүзүлүп, автобус сапарын уланткан.

24-25-ноябрь күндөрү полиция жана куткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан Алмата, Актөбө, Атырау, Акмоло, Чыгыш-Казакстан, Жамбыл, Караганда облустарында жана Астананын унаа жолдорунда 66 жеке жана жүргүнчү унаалардан 254 адам эвакуацияланган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18