14:29, 26 ноября 2018, 24.kg

Бишкектин эски аянтына Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары кезектеги сессияда борбор калаадагы райондордун бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу мүмкүнчүлүгү тууралуу маселени көтөрүп чыгышты. Бүгүн депутаттар «Ар кандай маселелер сааты» бөлүмүндө бул маселени карашмак.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Рысбай Аматов аталган демилгени көтөрүп чыккан. Айтымында, проспектилер менен аллеяларга башка ысым берүү мыйзамга ылайык БШКнын компетенциясына кирбейт. Мындан улам, ал тиешелүү катты өкмөткө жолдоону сунуштады.

Дагы бир депутат Свердлов районуна Кыргыз ССРинин Компартиянын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин ысымын берүүнү сунуштады.

Буга чейин борбор калаанын бир көчөсүн Турдакун Усубалиевдин урматына атоону сунушташкан.

КСДП фракциясынын депутаты Валентина Лисниченко көчөлөрдүн атын алмаштырууга тыюу салган мораторий тууралуу эскертти.

«Бизде шаарда 2 ири аянт бар, бирөөсүнүн ысымы жок, Эски аянт деп атап жүрөбүз. Андан көрө келгиле ошол аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрөлү», -деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18