14:04, 26 ноября 2018, 24.kg

«Түнкү кырсык» тасмасы «Алтын глобус» сыйлыгынын узун тизмесине кирди

Режиссер Темир Бирназаров тарткан «Түнкү кырсык» көркөм тасмасы АКШнын «Алтын глобус» сыйлыгына ат салышууда. Бул тууралуу кинематография департаменти билдирди.

Алардын маалыматында, аталган фильм «Мыкты чет элдик фильм» номинациясында сынактын узун тизмесине кирди.

Биринчи тепкичтен өткөндөр кыска тизмеге илинет, ал 8-декабрда аныкталат. Жеңүүчүлөр 2019-жылдын 6-январында белгилүү болот.

«Алтын глобус» — Голливуддагы чет элдик басма сөз бирикмеси берчү сыйлык.

Кыргызстандагы «Оскар» комитети режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасын АКШнын «Оскар» сыйлыгына да сунуш кылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18