Өкмөт башчы Минск шаарында өтө турган ЕӨАКтын жыйынына катышат
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-ноябрда Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жыйындык катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелерин карашат.
Анын ичинде Бирликтин санариптик күн тартибин ишке ашыруу, финансылык рыноктун концепциясын иштеп чыгуу сыяктуу темалардын талкууланышы күтүлүүдө, ЕАЭБдин 2019-жылга бюджети каралат, ошондой эле 2017-2018-жылдары ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү боюнча отчет угулуп, башка актуалдуу маселелер каралмакчы.
Кеңешменини жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Буга катар Премьер-министр ошондой эле Белорус жогорку технологиялар паркына, Беларусь ГС1 Автоматтык идентификатташтыруу ассоциациясына, «Великий камень» индустриалдык паркына жана агрокомбинатка барат.