11:28, 26 ноября 2018, 24.kg

Баткенде прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча нааразычылык акция өтүүдө

Баткенде прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча нааразычылык акция өтүп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине митингдин катышуучулары билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Мелис Калыковдун туугандары нааразычылык билдирип,  ууга чыккан аткаминерлердин баары жоопко тартылышы керек деп талап кылышууда.

Эске салсак, Мелис Калыков прокурордун өлүмүнө шектелип кармалган. 

Photo 95938

Нааразы болгондор колдоруна «Прокурорлор камалсын!», «Мелис менен бирге барган прокурорлорго чара көрүлсүн!», «Биз акыйкаттык издейбиз!», «Ууга чыккандардын баары жоопко тартылсын!», «Мыйзам баарына бир болсун, коррупциялашкан облустук жана райондук прокуратурага ишенбейби!», «Бир адамга эмес, ууга баргандардын баарына чара көрүлсүн!» деген жазууларды бар плакаттарды көтөрүп алышкан. 


Экспертизанын жыйынтыгында денесине залакат келтирилип өлтүрүлгөнү аныкталып, анын өлүмүнө шектүү киши кармалды. Ал Баткендин мэриясында иштеген кызматкер болуп чыкты.

Буга чейин прокурор бычактан жаракат алган жана ок тийип каза болгон деген маалыматтар айтылган. Кийин анын денесин өрттөп жиберишкен, денесинин 80 пайызы күйүп калгандыктан, жакындары аны зорго тааныган деген маалымат тарады.

Прокурор каза болгон күнү кесиптештери менен ууга чыккан. Ошол күнү акыркы жолу түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда тараган.

 
 
Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18