11:02, 26 ноября 2018, 24.kg

Туризмдин өлкө ИДПсындагы үлүшүн 5 пайыздан 10 пайызга жеткирүү милдети коюлду

2023-жылга дейре туризмдин өлкө ИДПсындагы үлүшүн 5 пайыздан 10 пайызга жеткирүү милдетин койдук. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев атамекендик туристтик тармакты мындан ары карай өнүктүрүүнүн учурдагы абалы жана келечегин талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

«Бул өтө амбициялуу цифра, бирок Кыргызстандын туристтик потенциалын эске алуу менен биз ар жылдык өсүш көрсөткүчүн камсыздоо үчүн туризмди өнүктүрүүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуубуз керек», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы конкреттүү мөөнөттөрдү белгилеп, туристтердин агымын көбөйтүү үчүн уникалдуу маданий-тарыхый объектилердин жанындагы инфраструктураны жакшыртуу маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасады.

«Келечекте ар бир райондо бир нече уникалдуу туристтик объектилер болушу тийиш. Бизге ар бир облустун чегинде тигил, же бул объектинин деталдык сүрөттөлүшү менен так картасы керек», — деди өкмөт башчы.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18