09:47, 26 ноября 2018, 24.kg

Казакстандан бензинди мыйзамсыз ташып келе жаткан кыргызстандыктар кармалды

Казакстандан бензинди мыйзамсыз ташып келе жаткан кыргызстандыктар «Чоң-Капка» өткөрүү жайынан кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек арачылар Казакстандан келаткан жүк ташуучу унааларды токтотуп текшерүүгө алышкан. Анда желим канистрлер менен кошумча орнотулган бактар табылып, алардын ичинен 1 тонна 500 литр бензин алынган.

Ал эми жүктү алып өтүүдө унаа ээлеринин тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Чек арачылар мыйзамсыз жол менен бензин алып өтүүгө аракет кылган жарандарды жүгү менен кошо аймактык милиция кызматына өткөрүп берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18