08:42, 26 ноября 2018, 24.kg

Кыргызстан түрмөлөрүндө 80 тажик жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат

Кыргызстан түрмөлөрүндө 80 тажик жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматы билдирди. Маалым болгондой, камактагы тажикстандыктардын 70 пайызга жакыны маңзат сатуу айыбы менен камалгандар.

«Быйыл Орусиянын эки жана Балтика өлкөлөрүнүн биринин бир жараны экстрадицияланды. Тажикстан менен да камактагыларды өткөрүп берүү боюнча макулашууга кол коюлган. Бирок биз тажик тараптан экстрадиция боюнча бир дагы өтүнүч ала элекпиз», — деди басма сөз катчы.

Кыргызстанда жабык типтеги 11 түзөтүү жайы, 13 жатак жана 6 тергөө абактары, ошондой эле өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн 1 түрмө бар.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18