Тажикстан интернет ылдамдыгы боюнча 124 өлкөнүн ичинен эң начар деп табылды
Тажикстан интернет ылдамдыгы боюнча 124 өлкөнүн ичинен эң начар деп табылды. Speedtest Global Index рейтингинде Тажикстан эң акыркы орунда жайгашкан.
2018-жылдын октябрь айында жаңыланган рейтингде Тажикстан Ооганстан, Ирак, Алжир жана Венесуэла менен бир катарда турат. Борбор Азияда мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Казакстан — 74, Кыргызстан — 94, Өзбекстан 110-орунда.
Мындан тышкары зымдуу интернет ылдамды боюнча да маалыматтар бар. Бирок Тажикстан бул рейтингде көрсөтүлгөн эмес.
Тажикстанда колдонуучулар интернет ылдамдыгынын начар экенине даттанып келишет. Жыл башынан бери интернет Бирдиктүү коммуникациялык борбор аркылуу бериле баштагандан бери ого бетер жай иштеп калган.
Тажикстанда быйыл «Терроризм менен күрөшүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, укук коргоо органдары телефондук байланыш жана интернетке чектөө киргизүүгө укук алышкан.