14:26, 23 ноября 2018, 24.kg

Ошто милиция өз ара согушуп кеткен мектеп окуучуларын кармады

Ошто милиция өз ара согушуп кеткен мектеп окуучуларын кармады. Бул тууралуу Ош ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 21-ноябрда болгон. Социалдык түйүндөрдө мектеп окуучуларынын согушуп жаткандыгы тууралуу видео тараган. 

Photo 95569

Бети башы кан жалаган өспүрүм Оштогу мектептердин биринде 11-класста окуйт. Аны сабаган кыз Кара-Суу районунда жашайт. Алдын ала алынган маалыматка ылайык, сабаган кыз буга чейин бейбаштык жана уурулук боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

«Энеси ал кызды жалгыз тарбиялайт. Ал кыз эч жерде окубайт жана иштебейт. Видеого тартып тараткан кыз медреседе окучу, кийин ден соолугунун айынан окуудан кеткен», -деп билдиришти ШИИББдан.

Маалыматка караганда, кыздар социалдык түйүн аркылуу таанышып кезигишкен. Кийин ортолорунда пикир келишпестиктер жаралып, уруша кетишкен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18