11:43, 23 ноября 2018, 24.kg

«Бишкексвет» муниципалдык ишканасы мамлекетке ири чыгым алып келген

Бишкек шаарын 2017-жаңы жылга карата жасалгалоо жана кооздоо иштеринде мамлекетке ири зыян келтирилген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылы ноябрда «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын жооптуу кызматкерлери жаңы жылда Бишкектин аймагын жасалгалоо үчүн «GrandPRO» аталышындагы фирма менен 16 миллион 250 миң сомго мыйзам бузуу менен келишим түзгөн.

Ошондой эле, аталган ишкананын кызматкерлерине бериле турган 2 миллион 19 миң сом «GrandPRO» фирмасына которулгандыгы аныкталды. Аткарылган иштердин актысына ылайык, шаардык жасалгалоого жумшалган жабдуулар жана жумшалган материалдардын наркы 13 миллион 258 миң 500 сомду түздү.

«GrandPRO» фирмасынын бажы декларациясын текшерүү маалында алардын реалдуу баасы болгону 7 миллион 427 миң 900 сомду түзгөнү аныкталды. Мындан улам 5 миллион 830 миң 600 сом ашыкча экени айтылды.

Жалпысынан мамлекетке келтирилген чыгым 7 миллион 849 миң 600 сомду түздү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18