11:24, 23 ноября 2018, 24.kg

Бурулайдын өлүмү. Эксперт-криминалист көп нерсе эсинен чыгып кеткенин билдирди

Свердлов райондук сотунда Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча соттук процесс жүрүп жатат. Отурумда эксперт-криминалист Эрмек Саманчиевди суракка алышты.

Ал көп нерсе эсинен чыгып кеткенин билдирди. Анын айтымында, ал ошол маалда шок абалда болгон. Мындан улам эмне себептен колунун манжаларынын изин албагандыгын билбейт. Эксперт бычакты көргөн, бирок анын сабы эмнеден жасалгандыгы эсинде жок.

«Мен жарандарды кабыл алуучу бөлмөдөн кандын изин жана бычакты көрдүм. Окуя болгон жерден манжалардын изин алган эмесмин. Мен сүрөткө гана тартып, эртең менен моргдо болдум. Мен өзүмдү жоготуп койдум, анткени РИИБда мындай окуя биринчи жолу болду», -деди ал.

Эске салсак, 27-майда 19 жаштагы Бурулай кыз ала качуунун курмандыгы болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18