10:02, 23 ноября 2018, 24.kg

Ысык-Көлдө киши өлтүргөн шектүүнү Бишкектен кармашты

Ысык-Көл облусунун ИИБнын кызматкерлери эркек кишини аеосуз уруп өлтүргөн шектүүнү кармашты. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү Бишкекте жашырынып жүргөн. Ал буга чейин мал уурулук боюнча соттолуп чыккандыгы аныкталды.

«Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү. Кылмыш жасагандан кийин ал облустан кетип калган. Айтымында, 26-октябрда өзү сабаган жарандын үйүнө келип карызы тууралуу сүйлөшөбүз деп унаасына отургузган. Кийин ортодо пикир келишпестиктер жаралып, ал тургунду дубинка менен сабап өлтүруп салган», -деп билдиришти ОИИБдан.

Эске салсак, буга чейин Жети-Өгүз районуна караштуу Жон-Булак айылынан арыктын жээгинде сабалып өлтүрүлгөн жарандын сөөгү табылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18