08:46, 23 ноября 2018, 24.kg

Кыргызстандык актер эркектин ролун эң мыкты ойногондугу үчүн байгеге татыды

Акылбек Абдыкалыков Казакстанда өткөн Шакен Айманов атындагы Эл аралык кинофестивалда эркектин ролун эң мыкты ойногондугу үчүн байгеге татыды. Бул тууралуу фестивалдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акылбек Абдыкалыков Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасындагы ролу үчүн байге алды.

Мыкты тасма үчүн баш байгени Джонни Хендрикс Инестросанын «Канделария» (Колумбия) тасмасы утуп алды.

Шакен Айманов фестивалы 17-21-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өттү. Анда 40тан ашуун тасма көрсөтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18