Орусияда 19 аялды өлтүргөн милиционер экинчи жолу өмүр бою эркинен ажыратылды
Новосибирск облустук соту мурдагы милиция кызматкери Евгений Чуплинскийди 19 аялды өлтүргөндүгү үчүн экинчи жолу өмүр бою эркинен ажыратты. Ага карата быйыл 6-мартта чыгарылган биринчи өкүмдү Жогорку соттун коллегиясы 11-сентябрда жокко чыгарган.
Тергөө Чуплинский 19 аялды жиликтеп, мыкаачылык менен өлтүргөн деп эсептейт. Болжол менен ал кылмыштарды 1998-2005-жылдар аралыгында, Новосибирск шаарында милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн кезде жасаган.
Чуплинский пенсияга чыккандан кийин 2016-жылы кармалган. Анда анын күнөөсү заманбап молекулярдык-генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында далилденген. Ага чейин далилдер жетишпегендиктен, аны кармоого негиз табылбай келген.
Чуплинский кармалары менен дароо күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен кызматташа баштаган. Кылмыш болгон жергелерге барып, кимди кандай өлтүргөнүн айтып берген. Психологиялык экспертизадан өткөрүлүп, дарыгерлер аны акыл-эси ордунда деп табышкан.