Борбор Азиядагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларга 85 миллион доллар керек
Борбор Азиядагы, анын ичинде Миң-Куш жана Майлуу-Суудагы зыяндуу калдыктар көмүлгөн жайларды реабилитациялоого 85 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу журналисттер менен өткөн брифингде Еврокомиссиянын башкы программалык менеджери Мартин Андерсен билдирди.
Анын айтымында, 30 миллион доллар чогулду. «Дагы 50 миллион керек. Бирок биз бул акча качан топтолот деп күтүп отура бербейбиз. Пландар даяр. Бизде фонд бар. Жер титирөө болуп, радиациянын чыгышын күтүп тура албайбыз. Эл аралык донорлор өз милдеттемелерин аткарса дейбиз. Борбор Азияда чыныгы иштер жана натыйжалар болуп жатканын көрүшсө, алар да бул ишке кошулушат», — деди Андерсен.
Буга чейин Европа Биримдиги Фергана өрөөнүндөгү уран калдыктары көмүлгөн жайларды реабилитациялоо долбооруна 10 миллион евро бөлөрү кабарланган.
Буга чейин Европа Биримдиги 16 миллион евро берген болчу.