14:04, 22 ноября 2018, 24.kg

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды

Депутат кийинки жылды Экология жылы деп жарыялоону сунуш кылды. Жогорку Кеңештин сессиясында «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Рада Туманбаева ушундай демилге көтөрдү. Депутаттын айтымында, учурда экология тармагында чечиле турган маселе көп.

Бишкекте акыркы кезде абанын булганышы башкы экологиялык мүшкүлгө айланды. «Move Green» коомдук кыймылы баш калаада аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.

Бирок ноябрь келип, күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну тастыктаган сүрөттөрдү Интернетке жүктөп жатышат. Бул маселе кийинки жылдары күз-кыш айларында өзгөчө байкалууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18