11:56, 22 ноября 2018, 24.kg

Бөбөктөргө кол көтөргөн тарбиячы милицияда сурак берүүдө

Жалал-Абад шаарынын № 21 бала бакчасынын тарбиячысы ички иштер башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Алардын маалыматында, үч жашар кыздын апасы тарбиячы кол көтөргөндүгүнө даттанып, арыз менен кайрылган.

«Ал 29 жаштагы тарбиячы экендиги аныкталды. Арыз денеге залака тийгизүү фактысы менен катталды. Учурда териштирүү жүрүүдө», — дейт ИИБ.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта кичи тайпанын тарбиячысы бөбөктөргө кыйкырып, кол көтөргөн видеочу таркаган. 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18