11:03, 22 ноября 2018, 24.kg

Ак-Суу РИИБда 5 кызматкер жумуштан четтетилип, тергөөчү кызматтан бошотулду

Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Ак-Суу РИИБнын 17 милициясына карата кылмыш ишин козгоду. 5 кызматкер жумуштан четтетилип, тергөөчү кызматтан бошотулду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Вентус» укук коргоо уюмунун башчысы Камил Рузиев билдирди.

Айтымында, 3 кой уурдады деп айыпталаган Эрмек Касымов сурактак кийин асынып каза болгон.

Өз өмүрүнө кол салган жарандын атасы укук коргоочулар анын уулун сабап өлтүрдү деп айтып жатат. Анын пикиринде, уулунун башына баштык кийгизип, бөтөлкө менен сабашкан.

Ысык-Көл ОИИБдан билдиришкендей, каза болгон жаран буга чейин 2 жолу соттолуп чыккан.

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18