09:09, 22 ноября 2018, 24.kg

«Вечерний Бишкек» Басма үйү ЖАКтын башкы директору Александр Рябушкин кармалды

Бишкекте «Вечерний Бишкек» Басма үйү ЖАКтын башкы директору Александр Рябушкинди кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган басма үйүнүн акционерлеринин арызы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анда жетекчилик тарабынан мыйзам бузулуулар аныкталган.

«Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча 2016-жылы «Вечерний Бишкек» Басма үйү ЖАК, «Вечерний Бишкек» гезитинин редакциясы, www.vb.kg сайты, «Жаны агым», «МСН» гезиттери, «Рубикон» жарнамалык фирмасы, басмакана Эркин Мамбеталиевдин пайдасына 1 миллион сом компенсация төлөп берүү чечими чыгарылган.

Свердлов райондук соту 2015-жылы «Вечерний Бишкек» Басма үйү ЖАКтан моралдык чыгым үчүн Икрамжан Илмияновдун пайдасына бир миллион сом төлөп өндүрүп берген.

Аталган факт боюнча «бирөөнүн ишеничине кирип мүлктүк чыгымга учуратуу», «коомерциялык жана башка уюмдардын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу», «документтерди жасалгалоо, жасалма документтерди пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Башкы прокуратура басма үйүнүн мурунку кожоюну Александр Кимдин арызын карап чыккан. Арызда 2014-жылы холдингди Александр Рябушкин рейдерлик жол менен басып алганын айткан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18