17:55, 21 ноября 2018, 24.kg

14 белгилүү жаранга «Бишкектин ардактуу атуулу» наамы берилди

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары «Бишкектин ардактуу атуулу»  наамын тапшыруу тууралуу маселени талкуулап жатышат. 

Депутат Адиса Иманкожоеванын айтымында, наамга талапкер болгондордун саны 56, анын ичинен 14 талапкер тандалып алынды. Анда шаардык коомчулуктун алдында эмгеги сиңген жарандарга, шаарга пайдалуу эмгек өтөгөндөргө наам ыйгарылат. 

Тизмеде шаардык кеңештин депутаттары дагы бар: Павел Десятников, Таалайбек Сагынов, Эрнис Докенов.

Мындан тышкары ардактуу атуул наамына калкты тейлөө чөйрөсүнүн эмгек сиңирген кызматкери Евгений Данилин, аксакалдар сотунун төрагасы Асанбек Мамырбаев, БШКнын мурунку төрагасы Айбек Осмоналиев татышты.

Легендарлуу парламенттин депутаты Насирдин Юсупов, Эмгек сиңирген дарыгер Амантур Жумаев, кардиолог Адбимиталип Халматов Бишкектин ардактуу атуулу болушту. Ошондой эле.  «Маданият-Тарых-Тил» каналынын редактору, эмгек сиңирген артист Бактыбек Мамытов, эл акыны Рамис Рыскулов жана башка белгилүү жарандарга наам ыйгарылды. 

 

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18